Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү
VIII сессиясынын
№ 17 ТОКТОМУ
28.07. 2023-жыл Жаңы-Жер айылы
Айыл аймагында жапайы жаныбарларды
багып санын көбөйтүү үчүн жер аянтын
ажыратып берүү жөнүндө
Жаңы-Жер айылынын тургуну Ош, Баткен мергенчилер коомунун егери Х. Рахимовдун 2023-жылдын 17-июлундагы арызын айылдык кеңешин депутаттары угуп, талкуулап айылдык кеңешин сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Турпак айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы БМК үстүнөн жапайы жаныбарларды багып санын көбөйтүү үчүн 10га жер аянты ижаралык шартта узак мөөнөткө берилсин.
2.Берилген жерди туура багытта пайдалануу жагы Х.Рахимовго эскертилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Имаров

