Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VI сессиясынын
№ 13 ТОКТОМУ
22.06.2023-жыл Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн муниципалдык
менчик обьектерин менчиктештирүү
программасын бекитүү жөнүндө
Ак-Турпак айыл аймагындагы муниципалдык менчикте турган обьектер боюнча маселени айылдык кеңешинин депутаттары карап, талкуулап токтом кылат:
- Ак-Турпак айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыгылып, айылдык кеңешине сунушталган менчиктештирүү программасы жактырылсын.
2.Муниципалдык менчик обьектерин менчиктештирүү боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы бекитилсин.
3.Менчиктештирүү программасындагы айылдык кеншинин сессиясына сунушталган 29жер участогунун 28 жер участогу бекитилип, № 1001-06-91жалпы аянты 3,5га болгон бир участоктун иш кагаздары даяр эмес болгондугуна байланыштуу кезектеги торук аркылуу сатууга (менчиктештирүүгө) уруксат берилбесин.
4.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Акимовго, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү боюнча комиссиянын төрагасы С.Асановго жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Коргонбаевдерге милдеттендирилсин.
Төрага А.Имаров

