Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы ТОКТОМ 2026-жылдын 3-августу № 14

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

ТОКТОМ

2026-жылдын 3-августу № 14                                                                          Жаңы-Жер айылы

2026-жылдын 6 айында жергиликтүү бюджеттин жана

социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө

 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын                   (мындан ары – СЭӨП) 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин отчетун угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

  1. 2026-жылдын 6 айлыгына карата жергиликтүү бюджеттин жана СЭӨП нын аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
  2. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгында жергиликтүү бюджетин киреше бөлүгүнүн аткарылышын камсыз кылуу, бюджеттик каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле СЭӨП да белгиленген иш-чаралардын өз убагында аткарылышын камсыз кылуу милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.

 

 

 Төрага                                                                                   А. Имаров

Жооп калтыруу