Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы ТОКТОМ 2025-жылдын 7-апрели № 21

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ

2025-жылдын 7-апрели  № 21                                                                          Жаңы-Жер айылы

2025-жылга жергиликтүү бюджеттин болжолдуу профицитин

жана анын пайдаланылышын бекитүү жөнүндө

 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджети кошумча каражаттардын эсебинен (аукциондун жыйынтыгы менен МФ жерлеринин ижара акысынан), пландалган кирешелер бөлүгү чыгашалар бөлүгүнөн болжолдуу аша турган мүмкүнчүлүк бар экендиги жөнүндөгү Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

  1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин профицит суммасы 32 148,4 миң сом өлчөмүндө 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Профициттин суммасы социалдык, инфраструктуралык долбоорлордун багытына жумшалсын.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                           А.Имаров


Ак-Турпак айылдык кеңешинин          VIII чакырылышынын      

2025-жылдын 7-апрелиндеги

кезектеги VII сессиясынын   

№ 21 токтомуна 1-тиркеме

 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин

киреше бөлүмү

 

Кирешелердин аталышы Экономикалык статьясы Сумма Профицит
  Бюджеттик каражаттар      
1 Салык агенти төлөөчү киреше салыгы 11111100 13335,3 15341,0
2 Патенттик негиздеги салык 11122300 1030,4 1030,4
3 2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык 11311200 138,0 138,0
4 Юридикалык жактардын транспорт каражатына салык 11312100 16,0 16,0
5 Жеке жактардын транспорт каражатына салык 11312200 1789,1 1789,1
6 Короо жанындагы жана бакчалар жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы 11321100 716,3 716,3
7 Айыл чарба багытындагы жерлерге салык 11321200 1782,0 1782,0
8 Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба эмес багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы 11321300 3804,4  

 

4313,0

9 Аки таш, курулуш куму 11462340 21,0 21,0
10 Жогоруда классификацияланбаган дагы башка металлдар (Рояльти) 11462390 395,6 395,6
11 Жер казынасын пайдалануу укугун лицензияны кармоо үчүн акы 14151200 1665,8 1665,8
12 Калктуу конуштардын жер ижарасы үчүн акы 14152100 600,0 600,0
13 Жайыт ижарасы үчүн акы 14152200 215,2 215,2
14 Жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жеринин ижарасы үчүн акы 14152600 4902,4  

34536,5

15 Таштандыларды чыгаруу үчүн төлөм 14224200 286,9 286,9
16 Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана сактоого төлөмдөр 14511400 828,2 828,2
17 Айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатуудан 31412110 250,0 250,0
  Жалпы жергиликтүү салыктар   31776,6 63925,0

 

Ак-Турпак айылдык кеңешинин

жооптуу катчысы                                                                                                 Н.Насибалиев

Жооп калтыруу