Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги I сессиясынын
№ 4 ТОКТОМУ
29.11.2024-жыл Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл аймагындагы Апкан – Өтүкчү авто жолунун 7 (жети) км
аралыгын КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө
“Кыргызавтожол – Түштүк” МИнин “№46 Жол тейлөө ишканасы” филиалынын сунушун карап, талкуулап Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Ак-Турпак айыл аймагындагы Апкан – Өтүкчү авто жолунун 7 (жети) км аралыгын КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине өткөрүп берүү жөнүндөгү “№46 Жол тейлөө ишканасы” филиалынын сунушу канааттандырылсын.
- Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага А. Имаров

