Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги I сессиясынын
№ 2 ТОКТОМУ
29.11.2024-жыл Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин
төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Жергиликтүү кеңештин Типтүү регламентине жана ачык добуш берүүнүн жыйынтыгына негиз, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Ак-Турпак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Тешебаева Алтынай Арзыбаевна шайланды деп эсептелсин.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана жергиликтүү кеңештин Типтүү регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н.Насибалиевге милдеттендирилсин.
Төрага А. Имаров

