Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги II сессиясынын
№ 8 ТОКТОМУ
01.02.2024-жыл Жаңы-Жер айылы
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 338-339 беренелеринин негизинде айыл чарбасына жараксыз жерлердин жана тамарка ээлеринен алынуучу жер салыгынын коэффициентин көтөрүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн ага салыкчысынын билдирүүсүн, айылдык кеңешинин депутаттары угуп, талкуулап чыгып, Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Айыл чарбасына жараксыз жерлердин зоналык коэффициенти Кз 1,5 бекитилсин.
- Тамарка ээлеринен алынуучу жер салыгынын коэффициенти Кз 1,5 бекитилсин.
- Таштандыларды чыгаруу боюнча төлөмдөр бир кожолукка 100 (жүз) сомго бекитилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
.
Төрага А. Имаров

