Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги II сессиясынын
№ 7 ТОКТОМУ
01.02.2024-жыл Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2023-жылдын
4-декабрындагы кезексиз XV сессиясынын № 30 сандуу токтомуна
өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
“Кыргызтранснефтегаз” МИсынын директору А.К.Чодоновдун 2023-жылдын 30-ноябрындагы №03-14/117 сандуу сунуш катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы №300 токтомуна, Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлигине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун 2022-жылдын 28-декабрындагы №668-б буйругуна негиз, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн балансында турган нефтебазаны “Кыргызтранснефтегаз” МИсына өткөрүп берүү жөнүндөгү маселени кайрадан карап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
- Ак-Турпак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-декабрындагы №30 сандуу токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин.
2.Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн балансында турган нефтебазаны “Кыргызтранснефтегаз” МИсына өткөрүп берүү жөнүндөгү “Кыргызтранснефтегаз” МИсынын сунуш каты канааттандырылсын.
- Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А. Имаров

